“Кыргыз почтасы” ААК — Кыргыз Республикасынын почта байланышынын оператору, Дүйнөлүк почта союзунун мүчөсү болуу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт.

“Кыргыз почтасы” ААК почта, финансы, мамлекеттик кызматтардын кеңири спектрин жана калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт. “Кыргыз почтасы” ААКнын карамагында Кыргызстандын дээрлик бардык аймагын камтыган, өзгөчө райондук жана айыл жерлеринин деңгээлинде өлкөдөгү эң масштабдуу филиалдык тармак бар. Республикада почта кызматкерлеринин эң ири эмгек жамааттарынын бири — дээрлик 4000 кызматкер. Жыл сайын “Кыргыз почтасы” ААКнын почта кызматкерлери 3475 миңден ашык каттарды, 150 миң посылкаларды кабыл алышат жана жеткиришет, 160 миң акча которууларды кабыл алышат жана төлөшөт.

Почта республиканын бардык булуң-бурчтарына белгиленген регламентке ылайык жеткирилет: жумасына 5 жолу облустук жана райондук борборлорго жана шаарларга, жумасына 3 жолу байланыш бөлүмдөрүнө чейин. Эки тарапка каттамдардын узундугу 25 миң километрден ашат.

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жалпыга жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү менен экономикалык, социалдык, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Коомдун туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүү менен “Кыргыз почтасы” ААК бардык кызыкдар тараптар менен социалдык-жоопкерчиликтүү өз ара аракеттенүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алат. “Кыргыз почтасы” ААКынын артыкчылыгы-компания өлкөнүн эң алыскы калктуу конуштарында жайгашкан жана түзүлгөн шарттарда почта байланышынын бөлүмдөрү айылдагы экономикалык активдүүлүктүн борбору катары чыга алышат жана бул үчүн “Кыргыз почтасы” ААКнын жетекчилиги тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалууда.

Компанияда модернизациялоо жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө өтүү процесси жигердүү жүрүп жатат, бул кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну гана эмес, почта тармагын техникалык, операциялык, технологиялык, маалыматтык жаңылоону да билдирет. Почта калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү боюнча гана эмес, сапатын жогорулатуу боюнча да активдүү иштейт. Почта кызматынын сапатын жогорулатуу максатында “Кыргыз почтасы” ААК почта байланыш тармагынын ишин оптималдаштырууга, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын жогорулатууга, кызматкерлерди социалдык коргоону жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүүдө.                                                                      Бардыгы болуп почта өзүнүн кардарларына 55 почталык, финансылык, Инфокоммуникациялык жана башка кызматтарды сунуштайт. Почта филиалдары жана байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү, ошондой эле кол коюлган басылмаларды жеткирүү жүзөгө ашырылат. Байланыш бөлүмдөрүндө коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө, ЖККББ штрафтарын төлөөгө, автомашиналарды техникалык кароодон өткөрүү үчүн акы төлөөгө, “Айыл Банк” ААКнын микрокредиттерин алууга жана төлөөгө, бардык багыттар боюнча авиа, темир жол жана автобус билеттерин сатып алууга, театр билеттерин, эл керектөөчү товарларды сатып алууга болот. Мындан тышкары, Коомдук кирүү борборлорунда каалоочулар Интернетке чыгып, электрондук почта билдирүүлөрүн жөнөтүп жана ала алышат, документти басып чыгара алышат, ксерокөчүрмөсүн алып, уюлдук телефондорду пайдалангандыгы үчүн акы төлөй алышат.