КӨҢҮЛ БУРГУЛА
Урматтуу жазылуучулар жана почта байланышынын кызматкерлери!

Каталогго кирген басылмалар Кыргыз Республикасынын аймагында жана 2024-жылга жазылуу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн мамлекеттерде таркатылат. Гезит жана журналдарга жазылуу 2024-жылдын 22 – апрелинен баштап Каталог боюнча аны кабыл алуу шарттары менен белгиленген мөөнөткө таризделет.

КАТАЛОГДУ СҮРӨТТӨӨ
I. Кыргыз Республикасынын газета жана журналдары.
II. Башка мамлекеттердин газета жана журналдары .
Ар бир бөлүктүн ичинде басылмалар алфавиттик тартипте жайгашкан жана аларга жазылуу индекси бар. Басылмалардын аталышынын жанында материалдардын чыга турган тилдери кашаа менен көрсөтүлгөн. Айрым басылмалардын басылма ээлеринин телефондору менен көрсөтүлгөн аннотациялары бар.
Каталогго толуктоолор да чыгарылышы мүмкүн.

ЖАЗЫЛУУ БААСЫ
Каталогдо ар бир жазылуу мезгили үчүн баасы көрсөтүлгөн. Басылмага жазылуу баасы жазылуучудан жазылууну тариздөө учурунда алынат. Жазылуу баасы каталогдук баадан жана жеткирүү боюнча почта байланышынын жергиликтүү кызмат көрсөтүү баасынан НДС жана НсП эсепке алуу менен түзүлгөн.
Жазылуу баасы Кыргыз Республикасынын бардык региондору үчүн келтирилген.

ЖАЗЫЛУУНУ ТАРИЗДӨӨ
Каталогго киргизилген гезит жана журналдарга жазылуу басуудан чыгуу мезгилине ылайык бир айдан алты айга чейинки мөөнөттө кабыл алынат. Жазылууну тариздөөдө жазылуучу ар бир басылмага өзүнчө ф. СП-1 жеткирүү карточкасы менен бирге абонементтин бланкын ручка менен даана, кыскартпастан толтурат. Басылманын аталышы жана индекси, жазылуунун мөөнөтү жана баасы каталогдогу маалыматтарга дал келиши керек. Абонементте жана жеткирүү карточкасында жазылуучунун толук дареги жана почта индекси көрсөтүлөт. Төлөм накталай акчага жана накталай эмес эсептешүүлөр боюнча да жүргүзүлөт.
Жазылуунун баасы төлөнгөндүгүн ырастоо үчүн, жазылуучу календардык белги таасири (оттиски) менен абонемент алат.
Байланыш бөлүмдөрүндө жазылууну тариздөөдө жазылуунун жалпы суммасына ф. СП-2 дүмүрчөгүн жана календардык белги (оттискасы) менен ар бир басылмага абонемент алат. Жазылууну кабыл алуу 2024-жылдын 22 апрелинен баштап 2024-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

ЖАЗЫЛУУЧУЛАРДЫН АЛДЫНДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК
Жазылуучулардын алдында айрым номерлердин чыкпай калгандыгы, чыгуу графигинин бузулгандыгы, номерлердин эки катар чыккандыгы, басылмалардын жоюлгандыгы үчүн моралдык жана материалдык жоопкерчиликти гезит жана журналдардын редакциясы жооп берет.

ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН НАЗАРЫНА!
Жазылуу каталогу ар бир почта бөлүмүндө кардарлар үчүн жеткиликтүү жерде туруусу зарыл. Бул каталогдун операциялык залында жок болушу, ошондой эле анын ордуна кол жазма жана башка көчүрмөлөрдүн колдонулушу жазылуу боюнча басылмаларды жайылтуу уюмдары менен түзүлгөн келишимди одоно бузуу катары каралат.