
«Кыргыз почтасы» ААК жана «Latvijas Pasts» кызматташуунун перспективаларын талкуулашты
2025-жылдын 10-февралында «Кыргыз почтасы» ААКтын өкүлдөрү менен Латвиянын «Latvijas Pasts» почта кызматынын делегациясынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар логистика жана электрондук коммерция тармагындагы кызматташуунун перспективаларын талкуулашты. Жолугушууда почта жана транзиттик кызмат көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул эки почта операторунун өнөктөштүгү көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана эл аралык почта кызматтарынын өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жыйынтыгында өнөктөштүктү талкуулоону улантуу, эки өлкөдө логистикалык процесстерди жакшыртууга жана электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду мындан ары да өнүктүрүү макулдашылды. «Кыргыз почтасы» ААК башка өлкөлөрдүн почта операторлору менен активдүү кызматташууга жана эл аралык мамилелерди мындан ары чыңдоого даяр экендигин билдирди.