«Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасындагы почта байланышынын мамлекеттик оператору болуп саналат.
«Кыргыз почтасы» өзүнүн негизин кыргыз элинин Орус империясына, андан кийин Советтик Союзга кошулушунун мезгилинен баштайт. Советтик Союздун кулашы менен көз карандысыздык алынып, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишкана катары түзүлгөн. 1993-жылы «Кыргыз почтасы» Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө болгон. 2003-жылдын май айында ишкана кайра катталды жана Жаргысы кабыл алынды.