ААК «Кыргыз Почтасы» — Кыргыз Республикасынын почталык байланыш оператору болуп, Эл аралык Почталык Союзунун мүчөсү катары Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргойт.
ААК «Кыргыз Почтасы» почталык, финансы, мамлекеттик кызматтар жана калкка төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кеңири кызматтарды сунуштайт. ААК «Кыргыз Почтасы» өлкөдөгү эң ири филиалдык тармакка ээ, бул тармак Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын, айрыкча райондук жана айылдык жерлерди камтыйт. Республикадагы эң чоң почта кызматкерлеринин эмгек жамааттарынын бири — 4000ден ашык кызматкер. Ар жылы ААК «Кыргыз Почтасы» почта кызматкерлери 3475 миңден ашык каттарды, 150 миң пакеттерди кабыл алып жана жеткирип, 160 миң акча которууларынын кабыл алуу жана төлөмдөрүн ишке ашырат.
Почта республикадагы бардык бурчтарына белгиленген тартипте жеткирилет: облустук жана райондук борборлорго жана шаарларга аптасына 5 жолу, почта бөлүмдөрүнө 3 жолу жеткирилет. Жолдордун узундугу эки тарапка 25 миң чакырымдан ашат.
ААК «Кыргыз Почтасы» Кыргыз Республикасынын аймагында ар түрдүү коомдук, социалдык жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого жоопкерчилик алып, жалпыга жеткиликтүү кызматтарды көрсөтөт. Өзүнүн коомдун туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымына болгон жоопкерчилигин түшүнүп, ААК «Кыргыз Почтасы» бардык кызыкдар тараптар менен социалдык жоопкерчиликтүү кызматташууну кабыл алат. ААК «Кыргыз Почтасы» компаниясынын артыкчылыгы — ал өлкөнүн эң алыскы калк пункттарында да көрсөтүлгөн жана бул шарттарда почталык байланышты орнотуучу бөлүмдөр айылда экономикалык ишмердиктин борбору боло алат, жана ушул максатта ААК «Кыргыз Почтасы» жетекчилиги бардык күч-аракеттерди жумшап жатат.
Компанияда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча модернизация жана өтүү процесси активдүү жүрүүдө, бул — кызмат көрсөтүүлөрдүн жакшыртылышы менен гана чектелбестен, почта тармагынын техникалык, операциялык, технологиялык жана маалыматтык жаңылануусун да билдирет. Почта калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын спектрин кеңейтүү гана эмес, ошондой эле алардын сапатын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда. Почталык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, ААК «Кыргыз Почтасы» почта байланыш тармагын оптимизациялоого, кызматкерлердин даярдыгын жана квалификациясын жогорулатууга, кызматкерлердин социалдык корголушун арттырууга багытталган иш-чараларды өткөрөт.
Почта өзүнүн кардарларына 55тен ашык почталык, финансы, инфокоммуникациялык жана башка кызматтарды сунуштайт. Почталык филиалдар жана байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсиялар, жөлөк пулдар жана башка социалдык төлөмдөр, ошондой эле жазылуучу басылмалар жеткирилет. Почта бөлүмдөрүндө коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө, ЖИБДД айыптарын төлөөгө, унааларды техникалык карап текшерүү үчүн төлөмдү төлөөгө, ААК «Айыл Банк» тарабынан микрокредиттерди алуу жана кайтаруу, авиатранспорт, темир жол жана автобустук билеттерди бардык багыттарга сатып алуу, театр билеттерин сатып алуу, күнүмдүк керектөө товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, коомдук кирүү борборлорунда каалоочулар Интернетке чыгууга, электрондук почтаны жиберүүгө жана алууга, документтерди басып чыгарууга, ксерокөчүрмөлөрдү алууга, мобилдик телефон колдонуу үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат.