Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 28-чи Дүйнөлүк почта конгресси башталды. Ал 8-сентябрдан 19-сентябрга чейин Дүйнөлүк почта союзунун (ДПС) демилгеси менен өтүүдө.
Форумга 190дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда, анын ичинде Кыргызстандын делегациясы да бар.
Конгресстин негизги темалары:
▪️ ДПСтин төрт жылдык иш пландары жана каржылоо
▪️ Почта тармагынын санариптештирүүсү
▪️ Тармактардын туруктуулугу жана кызматтарды модернизациялоо
▪️ Инклюзивдик кызматтарды өнүктүрүү
▪️ Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо
Кыргызстан үчүн Конгресске катышуу — глобалдык диалогдун бир бөлүгү болуу, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташуунун жаңы негиздерин түптөө мүмкүнчүлүгү.
Биз инновацияларды киргизүүгө, кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жарандарыбыздын пайдалары үчүн өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө умтулабыз.



