“Кыргыз почтасы” АКШга эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүнү кайра жандандырды

“Кыргыз почтасы” АКШга эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүнү кайра жандандырды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК товардык салымы бар эл аралык почта жөнөтмөлөрүн Америка Кошмо Штаттарына кабыл алуу жана жөнөтүү кайра жанданганын маалымдайт. Эми Кыргыз Республикасынын жарандары “Кыргыз почтасы” ААКнын бөлүмдөрү аркылуу АКШга товар, белек жана уруксат берилген башка салымдары бар посылкаларды кайрадан жөнөтө алышат. АКШ менен почта байланышынын кайра жанданышы калк үчүн эл аралык почта кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, товарларды жана жеке жөнөтмөлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле чек ара аралык электрондук сооданы өнүктүрүүгө кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. АКШга эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүнүн шарттары, колдонуудагы тарифтер, бажы талаптары жана тариздөө тартиби тууралуу кеңири маалымат “Кыргыз почтасы” ААКнын расмий сайтында — www.post.kg жайгаштырылган. “Кыргыз почтасы” ААК эл аралык почта жөнөтмөлөрүнүн географиясын кеңейтүү, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен ишкерлерине почта кызматтарын ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган заманбап чечимдерди киргизүү боюнча…
Read More
АКШка жөнөтүү үчүн товар салынган эл аралык почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу башталды!

АКШка жөнөтүү үчүн товар салынган эл аралык почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу башталды!

Жанылыктар
Zonos Prepay менен иштөө боюнча кадамдык нускама 1. Тиркемени жүктөп алыңыз• Смартфонуңузга акысыз Zonos Prepay тиркемесин орнотуңуз (App Store жана Google Play платформаларында жеткиликтүү). 2. Аккаунт каттаңыз• Профиль түзүп, маалыматтарды латын тамгалары менен гана киргизиңиз (аты-жөнүңүз, электрондук почта дарегиңиз).• Zonos компаниясынан келген каттагы шилтеме аркылуу электрондук почта дарегиңизди ырастаңыз. 3. Жөнөтмөнүн параметрлерин көрсөтүңүз• Тиркемени ачып, жөнөтүлүүчү почта жөнөтмөсүнүн түрүн тандаңыз: стандарттык посылка, белек, документ же кайтарым жөнөтмө.• Зарыл болсо, товарлардын келип чыккан өлкөсүн көрсөтүңүз.• Почта операторуңузду тандаңыз (мисалы, Kyrgyz Post ж.б.). 4. Посылканын ичиндегилерди сүрөттөп бериңиз (эки ыкманын бирин тандаңыз)• Жасалма интеллект аркылуу автоматтык түрдө (Zonos Vision): жөнөтүлүүчү бардык буюмдарды бир жалпы сүрөткө же бир нече сүрөткө тартыңыз. Жасалма интеллект товарларды өзү таанып, бажы декларациясы үчүн керектүү маалыматтарды сунуштайт.• Кол менен: товарлардын аталыштарын, санын жана баасын өз алдынча киргизиңиз. 5.…
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК гранттык долбоордун алкагында жабдуулардын алгачкы партиясын алды

“Кыргыз почтасы” ААК гранттык долбоордун алкагында жабдуулардын алгачкы партиясын алды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун (БДПУ) Эл аралык бюросунун көмөгү менен Япониянын MIC Future Together фондунан 70 миң швейцариялык франк өлчөмүндө гранттык колдоо алды. Бул колдоо тууралуу келишим 2025-жылы “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев менен БДПУнун Эл аралык бюросунун башкы директору Масахико Метокинин жолугушуусунда жетишилген. Грант почта логистикасын санариптештирүүгө жана чек ара аралык электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууга арналган. 2026-жылдын 15-октябрында Кыргызстанга жабдуулардын алгачкы партиясы жеткирилди. Анын курамында 80 даана компьютердик жабдуу жана 26 даана термопринтер бар. Жабдуулар “Кыргыз почтасы” ААКнын почта бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, жумуш орундарын жаңылоого, иш процесстерин автоматташтырууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталат. Долбоордун кийинки этабында видеобайкоо камераларын жеткирүү да күтүлүүдө. Жабдууларды сатып алуу иштери Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) катышуусунда жүргүзүлдү. Жаңы жабдуулар кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртып, почта…
Read More
Эл аралык эпистолярдык дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Эл аралык эпистолярдык дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн окуучулар арасындагы 55-Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаян сынагынын жыйынтыгын чыгарды. 2026-жылы “Санариптик дүйнөдө адамдардын байланышы эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө досуңузга кат жазыңыз” деген темада өткөн сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 13 миңден ашуун окуучу катышты. Республикалык жумушчу комиссиянын чечими менен байгелүү орундар төмөнкү окуучуларга ыйгарылды: I орун — Кубатбекова Анара, Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинин окуучусу. Сыйлыгы — диплом жана ноутбук. II орун — Алтынбекова Канайым, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылындагы А. Истамбеков атындагы орто мектептин окуучусу. Сыйлыгы — диплом жана планшет. III орун — Меликова Айтурган, Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылындагы мектептин окуучусу. Сыйлыгы — диплом жана уюлдук телефон. Биринчи орунду алган Кубатбекова…
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Лейлек районундагы чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнөн кабар алды

“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Лейлек районундагы чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнөн кабар алды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Раззаков шаарына болгон иш сапарында Лейлек филиалына караштуу чек арага жакын почта байланыш бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Сапардын алкагында Сүлүктү шаарындагы, ошондой эле Интернационал жана Кулунду калктуу конуштарындагы байланыш бөлүмдөрүнө барды. Сапар учурунда жетекчи бөлүмдөрдүн иши, кызматкерлердин эмгек шарттары жана калкка почта кызматтарын көрсөтүү иштери менен таанышты. Жамааттар менен жолугушууда учурдагы маселелер, көйгөйлөр жана чек арадагы калктуу конуштарда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, почта тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган сунуштар талкууланды. “Кыргыз почтасы” ААКнын чек арадагы бөлүмдөрүн өнүктүрүү жана колдоо компаниянын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Кызматкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана алыскы жана чек ара аймактарындагы тургундар үчүн почта кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКта мамлекеттик тил күнү белгиленди

“Кыргыз почтасы” ААКта мамлекеттик тил күнү белгиленди

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага кызматкерлер улуттук кийимде катышып, “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөдөн өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруунун алкагында борбордук аппараттын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди өздөштүрүү боюнча окутуу жана консультациялык иш-чаралар уюштурулган. Кызматкерлерге “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөгө даярдануу үчүн керектүү маалыматтар берилип, алар тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн. Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, анын кесиптик чөйрөдө колдонулушун кеңейтүүгө жана кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга багытталды. “Кыргыз почтасы” ААК мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган иш-чараларды мындан ары да колдойт.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз-Кытай товарлар көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз-Кытай товарлар көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Жанылыктар
Бишкек шаарында Кыргыз-Кытай (Синьцзян) товарлар көргөзмөсү – 2026нын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана Кыргызстан менен Кытайдан келген 100дөн ашык компания катышты. “Кыргыз почтасы” ААК да көргөзмөнүн ачылышына катышты. Көргөзмө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушуусуна, жаңы байланыштарды түзүүгө жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Катышуучулар өздөрүнүн товарларын жана долбоорлорун тааныштырып, соода, инвестиция, логистика жана электрондук соода тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. “Кыргыз почтасы” ААК кытайлык өнөктөштөр менен кызматташууну, өзгөчө почта логистикасы жана электрондук соода багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар. Мындай иш-чараларга катышуу жаңы өнөктөштөрдү табууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК РССттин юбилейлик медалы менен сыйланды

“Кыргыз почтасы” ААК РССттин юбилейлик медалы менен сыйланды

Жанылыктар
Москва шаарында Байланыш тармагындагы Регионалдык Шериктештиктин (РСС) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган юбилейлик форум болуп өттү. Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук почта операторлору, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана байланыш, санариптик технологиялар жана логистика тармагындагы адистер катышты. Иш-чарада почта тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү, электрондук коммерция, логистика жана маалыматтык коопсуздук маселелери талкууланды. Форумдун алкагында юбилейлик сыйлыктар тапшырылды. “Кыргыз почтасы” ААК почта тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, эл аралык кызматташтыкты бекемдегени жана РССтин ишине активдүү катышканы үчүн РССтин юбилейлик медалы менен сыйланды. Бул медаль “Кыргыз почтасы” ААКнын жамаатынын почта кызматтарын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытындагы эмгегине берилген жогорку баа болуп саналат. «Кыргыз почтасы» ААК РССке ыраазычылык билдирип, мындан ары да почта тармагын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишин улантат.
Read More
Кыргызстан — Пакистан: почта логистикасы жана электрондук коммерция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Кыргызстан — Пакистан: почта логистикасы жана электрондук коммерция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Жанылыктар
Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында “Кыргыз почтасы” ААК менен Pakistan Post эл аралык почта кызматтары, логистика жана трансчек аралык электрондук коммерция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири B2C, C2C жана B2B форматтарындагы электрондук коммерциялык жөнөтүүлөрдү жеткирүүнү уюштуруу, ошондой эле EMS кызматын, кат-кабарларды жана посылкаларды жеткирүү кызматтарын өнүктүрүү болот. Өзгөчө көңүл Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистанга почта жөнөтүүлөрүн жана электрондук коммерциялык жүктөрдү автомобиль транспорту менен транзиттик ташууну өнүктүрүүгө бурулат. Бул үч өлкөнү байланыштырган жаңы эл аралык логистикалык багытты түзүүгө мүмкүндүк берет. Pakistan Post менен өнөктөштүк “Кыргыз почтасы” ААК үчүн эл аралык логистиканы кеңейтүүгө, электрондук коммерция кызматтарын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын аймактык транспорттук-логистикалык каттамдардагы ролун бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Read More
Кыргызстан менен Монголия почта маркалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Кыргызстан менен Монголия почта маркалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнын жана Монголия почтасынын өкүлдөрүнүн ортосунда почта маркаларын чыгаруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова жана Монголия почтасынын почта маркалары жана баалуу кагаздар бөлүмүнүн директору Bilguun Bayarsaikhan катышты. Тараптар биргелешкен почта маркаларын чыгаруу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана алардын тарыхый-маданий мурастарын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана почта жана логистика тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Read More