Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Тачмамедович Гучгельдыев менен ишкердик жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда логистика тармагын өнүктүрүү, почта кызматтарын санариптештирүү, жеткирүү кызматын жакшыртуу, ошондой эле социалдык жана билим берүү долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүшүн колдоого багытталган өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдиришти.
