Эми ар бир жаран “Кыргыз почтасы” ААКнын филиалдарында жана байланыш бөлүмдөрүндө жайгашкан QR кодду сканерлөө менен почтанын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча пикирин, сунушун же даттануусун калтыра алат.

Калтырылган билдирүүлөр атайын жооптуу кызматкерлер тарабынан тез арада каралып, маселени жеринен чечүүгө аракет көрүлөт.

Бул демилге — ачык-айкындыкты камсыздоо жана кызмат сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылды.