“Пост Бас” ЖЧКнын Уставдын негизинде иш алып барган башкы директору Хакимов Сатыбалды Адинаевичтин атынан өзүнүн баланстык мүлкүн, атап айтканда, автотранспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
- Сатууга коюлган мүлк жөнүндө маалымат (№1 лот):
— Аталышы (маркасы, модели): Golden Dragon XM Q6129P2 үлгүсүндөгү автобус;
— чыгарылган жылы: 2019;
— мамлекеттик номери: 01KG095BH;
— VIN: LA6R1HSL7BB100734;
— Баштапкы (старттык) баасы: 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) сом;
- Сооданы өткөрүүнүн шарттары:
— Сооданын формасы: баа боюнча сунуштарды берүү формасындагы ачык аукцион;
— Аукционду өткөрүү күнү жана убактысы: 20.08.2026-жылы саат 10:00дө;
— Аукцион өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Фучик көчөсү 90/1, «Пост Бас» ЖЧКнын кеңсеси;
— Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү жана убактысы: 13.08.2026-жылдан 20.08.2026-жылга чейин, күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
— Арыздарды кабыл алуу жана автобусту кароо дареги: автобусту кароо иш күндөрү алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт (тел.: 0704 30 56 56, 0507 66 73 76);
- Катышуучуларга коюлуучу талаптар.
Аукционго катышуу үчүн талапкер уюштуруучуга төмөнкү документти берүүгө тийиш:
— Белгиленген формадагы катышуу жөнүндө арыз.