2025-жылдын 8-сентябрында ЖМКда Ленин районуна караштуу Бишкек шаарынын Жал айылындагы №24 почта бөлүмүнүн аймагында коомдук тартип бузулгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган соң, “Кыргыз почтасы” ААКнын жетекчилиги оперативдүү түрдө жерине барып текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө байланыш бөлүмүнүн имараты, анын айланасы жана кызматкерлердин иш шарттары каралып чыкты. Жетекчилик тарабынан имаратты оңдоо, тосмо орнотуу жана коопсуздукту күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, коомдук тартипти сактоо максатында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлөт.

“Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлерине жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирет жана калкты сапаттуу тейлөөгө шарт түзүү боюнча иштер улантылат.