Бүгүн “Ыйман” лигасы Коомдук фонду тарабынан уюштурулган, ышкыбоздор менен кесипкөй спортчулар катышкан эң күчтүү чемпионаттардын биринин финалдык беттеши болуп өттү

Бүгүн “Ыйман” лигасы Коомдук фонду тарабынан уюштурулган, ышкыбоздор менен кесипкөй спортчулар катышкан эң күчтүү чемпионаттардын биринин финалдык беттеши болуп өттү

Жанылыктар
Чемпионатка 32 команда катышып, бул мелдештин атаандаштык деңгээли жогору экенин жана анын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады. Финалдык беттештин жыйынтыгында “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жеңишке жетип, жогорку физикалык жана тактикалык даярдыгын, командалык ынтымакты жана мелдешке кесипкөйлүк менен мамиле жасаганын көрсөтө алды. Бул жетишкендик корпоративдик спортту өнүктүрүү, командалык духту бекемдөө жана кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштин жыйынтыгы болуп саналат. “Кыргыз почтасы” ААК командасын татыктуу жеңиши менен куттуктап, чемпионатты жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирет.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААКтын кызматкери Global Change Summit 2025 эл аралык форумуна катышты

“Кыргыз почтасы” ААКтын кызматкери Global Change Summit 2025 эл аралык форумуна катышты

Жанылыктар
2025-жылдын декабрь айында Түркиянын Стамбул шаарында Global Change Summit 2025 (GCS 2.0) аттуу эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Иш-чараны Глобалдык саясат жана диалог уюму (OGPD) уюштурган. Форумга “Кыргыз почтасы” ААКтын Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери Айжан Узакова катышты. Иш-чара 60тан ашуун мамлекеттен келген 200гө жакын жаш лидерлерди чогултуп, туруктуу өнүгүү, инклюзивдүү башкаруу, климаттык өзгөрүүлөр, санариптик технологиялар жана жасалма интеллекттин коомго тийгизген таасири боюнча маселелер талкууланды. “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө жана эл аралык тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү менен, заманбап тажрыйбаларды ишмердүүлүккө киргизүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантат.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК Коомдун мурдагы жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

“Кыргыз почтасы” ААК Коомдун мурдагы жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК ишкананын мурдагы жетекчилери менен жолугушуу уюштуруп, анда учурдагы ишмердүүлүктүн негизги багыттары, жетишкендиктер жана келечектеги өнүгүү пландары тааныштырылды. Коноктор почта тармагындагы акыркы өзгөрүүлөр, модернизация процесси жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын кеңейиши менен таанышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тармакты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү болду. Мурдагы жетекчилердин кесиптик кеңештери жана тарыхый көз караштары Коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү ресурс катары белгиленди. “Кыргыз почтасы” ААКнын жетекчилиги мекеменин калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мурдагы жетекчилерге ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар мурасты сактоого, институттук эс тутумду бекемдөөгө жана муундар ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Read More
Германиядан жөнөтүлгөн белектер Кыргызстанга жеткирилип, балдарга тапшырылды

Германиядан жөнөтүлгөн белектер Кыргызстанга жеткирилип, балдарга тапшырылды

Жанылыктар
Федеративдүү Республика Германияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарындагы “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык почта алмашуу ордунан Кыргызстандагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн белектерди жөнөткөн. Бүгүнкү күндө бардык посылкалар “Кыргыз почтасы” ААКнын аркылуу ийгиликтүү Кыргызстанга жеткирилип, балдарга тапшырылды. Белектердин курамына китептер, өнүктүрүүчү оюндар, мектепке керектүү жабдыктар жана таттуулар кирген. Бул белектердин жеткирилиши “Кыргыз почтасы” ААКнын эффективдүү ишин, эл аралык логистикадагы ишенимдүүлүгүн жана социалдык, кайрымдуулук мүнөздөгү жүктөрдү өз убагында жеткирүүдөгү мүмкүнчүлүгүн ачык көрсөттү.
Read More
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Германиядагы “Кыргыз почтасынын” логистикалык борборуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Германиядагы “Кыргыз почтасынын” логистикалык борборуна барды

Жанылыктар
Федеративдүү Германия Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарында жаңыдан ачылган “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык почта алмашуу борборуна баш бакты. Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев борбордон Кыргызстандын балдар үйүнүн тарбиялануучуларына арналган 50 белек топтомун жөнөттү. Посылкаларга китептер, өнүктүрүүчү оюндар, мектепке керектүү жабдыктар жана таттуулар салынган. Ал мындай демилгелер балдарга кубаныч тартуулап гана тим болбостон, жаңы эл аралык логистикалык чечимдердин натыйжалуулугун да көрсөтөрүн белгиледи. Министрлер Кабинетинин жетекчилигине борбордун иши — эл аралык жөнөтмөлөрдү техникалык иштетүү процесси, сорттоо тутуму, логистикалык чечимдер жана ыкчам жеткирүүнү камсыздоодогу ыкмалар көрсөтүлдү. Берлиндеги логистикалык борбордун ачылышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана эл аралык электрондук соодадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Read More
Кыргыз почтасы менен Россия почтасы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Кыргыз почтасы менен Россия почтасы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Жанылыктар
Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, “Кыргыз почтасы” ААК менен “Россия почтасы” кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Тиешелүү документке «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана «Россия почтасынын» башкы директору Михаил Волков кол коюшту. Кызматташтык эки өлкө ортосундагы почта жана курьердик кызматтарды өнүктүрүүгө, жөнөтүүлөрдү жеткирүүнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле Европа менен Азияны байланыштырган транзиттик логистикалык коридорду түзүүгө багытталган. Макулдашуу электрондук сооданын багытында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, посылкаларды жеткирүүнүн көлөмүн жана акча которууларды көбөйтүүнү, ошондой эле ишкерлер жана эл аралык маркетплейстер үчүн биргелешкен санариптик чечимдерди киргизүүнү камтыйт. «Биз чек аралык почта агымдарын өнүктүрүүгө, жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга жана ишкерлерди колдоого багытталган узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты калыптандыруудабыз», — деп белгиледи «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев.
Read More
Соода-логистикалык жана агро-логистикалык борбор түзүү боюнча келишимге кол коюлду

Соода-логистикалык жана агро-логистикалык борбор түзүү боюнча келишимге кол коюлду

Жанылыктар
Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынан келген инвестор Ву Хунвэй, “Кыргыз почтасы” ААК жана “Мамлекеттик бажы инфратүзүмү” ААКнын ортосунда агро-логистикалык долбоорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишкананы түзүү боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоордун алкагында Кыргызстандын эки облусунда эл аралык логистикалык объекттердин курулушу каралууда: Ош облусунун Ынтымак айылында айыл чарба продукциясын кабыл алуу, кайра иштетүү жана сактоо үчүн кампалар, ошондой эле Чүй облусунда соода-логистикалык борбор жана терминал курулат. Бул долбоор айыл чарба логистикасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК “Электрондук соода оператору” долбоорунун ишке киришине даяр экенин билдирди

“Кыргыз почтасы” ААК “Электрондук соода оператору” долбоорунун ишке киришине даяр экенин билдирди

Жанылыктар
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында “Кыргыз почтасы” ААКнын “Электрондук соода оператору” долбоорун ишке киргизүү даярдыгына арналган кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Президенттик администрациянын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги катышты. Кеңешме “Кыргыз почтасы” ААКнын почта-логистикалык борборунда өттү. Катышуучуларга электрондук соода жүктөрүн иштетүүнүн негизги бизнес-процестери көрсөтүлдү — жөнөтмөлөрдү кабыл алуудан жана иргөөдөн баштап, аларды жеткирүү пункттарына жана байланыш бөлүмдөрүнө жеткирүүгө чейинки логистикалык жол. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” менен Бажы кызматтарынын маалыматтык системаларынын интеграциясы тааныштырылды, бул жараяндарды тездетүүгө жана ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. “Кыргыз почтасы” ААК инфраструктураны модернизациялоо жана өлкөдө электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүү иштерин улантат.
Read More
ААК “Кыргыз почтасы” KIGF-2025 форумуна катышты

ААК “Кыргыз почтасы” KIGF-2025 форумуна катышты

Жанылыктар
2025-жылдын 20-ноябрында “Кыргыз почтасы” ААК К.И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында өткөн Кыргызстандагы Интернетти башкаруу боюнча форумга — Kyrgyzstan Internet Governance Forum (KIGF-2025) катышты. Форумдун негизги темасы — «Туруктуу өнүгүү үчүн интернет жана санариптик ажырымды кыскартуу» болду. Иш-чарада санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы Санариптик кодекстин алкагында укуктук ченемдерди жакшыртуу, ошондой эле инновациялар, электрондук соода жана финтех экосистемасын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды. «Инновациялар жана стартаптарды өнүктүрүү, финтехтин келечеги» аттуу панелдик сессияда “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова сөз сүйлөп, санариптик кызматтарды кеңейтүүнүн, онлайн-сервистердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун жана компаниянын өлкөнүн заманбап санариптик экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. “Кыргыз почтасы” ААК санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү жана санариптик теңсиздикти азайтууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантат.
Read More
ААК “Кыргыз почтасы” менен БУУнун ФАО өкүлү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

ААК “Кыргыз почтасы” менен БУУнун ФАО өкүлү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Жанылыктар
Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Тачмамедович Гучгельдыев менен ишкердик жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда логистика тармагын өнүктүрүү, почта кызматтарын санариптештирүү, жеткирүү кызматын жакшыртуу, ошондой эле социалдык жана билим берүү долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүшүн колдоого багытталган өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдиришти.
Read More