Алгачкы кыргыз кюпюрасын алган почта кызматкерлеринин эмоциясы — 1993-жыл

Алгачкы кыргыз кюпюрасын алган почта кызматкерлеринин эмоциясы — 1993-жыл

Жанылыктар
Өлкө эгемендүүлүккө жаңы кадам таштап, улуттук акча белгибиз жүгүртүүгө киргизилген ошол күндөр — тарыхта алтын тамгалар менен жазылган учурлардан болду. Почта кызматкерлери жаңы кюпюраларды элге жеткирүүдө алгачкы күндөрдөн тарта өздөрүнүн жоопкерчиликтүү ролун аткарып келишкен. Бул тарыхый учурдагы алардын кубанычы, толкундоосу жана сыймыгы бүгүнкүгө чейин эсте.
Read More
“Кыргыз почтасы” ААК почта жеткирүү сапатын жакшыртуу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды

“Кыргыз почтасы” ААК почта жеткирүү сапатын жакшыртуу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК 2025-жылы Дүйнөлүк почта союзунун (ДПС) Почта кызматтарынын сапатын жакшыртуу фондунун колдоосу менен почта жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган ири долбоорду ийгиликтүү аяктады. Долбоордун жыйынтыктарын баалоо максатында Кыргызстанга ДПСнун Эл аралык бюросунун өкүлү келди. Сапардын алкагында эксперт долбоордун негизинде сатып алынган автоунаалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын негизги багыттардагы пайдаланылышын текшерди. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык почта алмашуу жана логистика борбору (ЦМПОЛ), анын ичинде жаңы логистикалык борбор да текшерүүдөн өттү. Долбоордун алкагында 18 даана LADA Largus автоунаасы алынган: 14 — Бишкектеги ЦМПОЛ үчүн 4 — Ош почтамты үчүн Бул долбоор өлкөнүн почта инфраструктурасын чыңдоодо маанилүү кадам болуп, кызмат көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн, ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга өбөлгө болду. Анын жыйынтыгында жарандар менен ишкерлер үчүн почта кызматы дагы жеткиликтүүрөөк жана натыйжалуу болуп калды.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК Кашкардагы 15-эл аралык жарманкеге катышты: өнөктөштүк жана логистика багытындагы аракеттер

«Кыргыз почтасы» ААК Кашкардагы 15-эл аралык жарманкеге катышты: өнөктөштүк жана логистика багытындагы аракеттер

Жанылыктар
2025-жылдын 15–19-август күндөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык облусунун Кашкар шаарында «Кашкар — Борбордук жана Түштүк Азия» аттуу 15-жолку эл аралык жарманке өтүп, 35тен ашуун өлкөдөн жана аймактардан 700дөн ашык компанияны чогултту. «Кыргыз почтасы» ААКты жарманкеде башкы директордун орун басары Уулжан Масиянова жетектеген делегация тааныштырды. Иш-чаранын алкагында бир катар эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, трансчегаралык соода, логистика, электрондук соода жана кыргыз продукциясын сыртка илгерилетүү боюнча маселелер талкууланды. 2005–2024-жылдары жарманке үзгүлтүксүз 14 жолу өткөрүлүп, өнөктөштүк, тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу үчүн маанилүү платформага айланган. Ар жылы ондогон өлкөлөрдөн келген делегациялар менен компанияларды кабыл алып келет. Кашкар — «Жибек жолунун» стратегиялык түйүнү жана Кытайдын Борбордук жана Түштүк Азияга чыгуучу негизги дарбазасы. Бул жарманкеге катышуу «Кыргыз почтасы» ААК үчүн эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргызстандын логистикалык интеграциясын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болуп…
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна арналган эстелик почта маркасын чыгарды

«Кыргыз почтасы» ААК VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна арналган эстелик почта маркасын чыгарды

Жанылыктар
Бүгүн, 2025-жылдын 14-августунда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында форумга арналган эстелик почта маркасына мөөр басуу аземи болуп өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты. Марканын чыгарылышы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн маанисин баса белгилеп, евразиялык экономикалык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулууларды чагылдырат. «Кыргыз почтасы» ААК өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу мамлекеттер аралык маданий жана экономикалык байланышты чыңдоого салым кошуп келе жатканын жана филателия тили менен кызматташтыктын символдорун жаратканын сыймык менен белгилейт.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышты

«Кыргыз почтасы» ААК VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышты

Жанылыктар
2025-жылдын 14-августунда Чолпон-Ата шаарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү. Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин куттуктоо сөздөрүн окуу менен ачылды, бул эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгиледи. «Кыргыз почтасы» ААКтын атынан форумга башкы директор Марат Черикчиев катышып, ал «Базарларга жетүү: электрондук соода, логистика жана инфраструктура» панелдик сессиясынын модератору болду. Талкуунун негизги темаларынын арасында: трансчегаралык e-commerce өнүктүрүү, логистиканы санариптештирүү, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору, инвестициялар, «жашыл» технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү. Сессия мамлекеттик структуралардын, логистикалык компаниялардын, e-commerce платформаларынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирди. «Кыргыз почтасынын» форумга катышуусу – глобалдык соода-логистикалык процесстерге интеграциялоо үчүн маанилүү кадам болду.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК аркылуу пенсия төлөө тартиби жана пенсия алуучулардан комиссия алынбай тургандыгы жөнүндө маалымат

«Кыргыз почтасы» ААК аркылуу пенсия төлөө тартиби жана пенсия алуучулардан комиссия алынбай тургандыгы жөнүндө маалымат

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААК көп жылдан бери жеткирүү кызматын көрсөтүп келет. Келишимдин шарттарына ылайык, почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери пенсияларды түздөн-түз пенсионерлердин үйлөрүнө жеткиришет. Социалдык фонд почта же банк кызматтары үчүн жеткирилген суммадан акы төлөйт. Төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген. Белгилейбиз: жарандар алган пенсиялардан эч кандай комиссия алынган эмес жана мындан ары да алынбайт.
Read More
«Кыргыз почтасы» электрондук коммерция жана логистика багытында эл аралык кызматташууну кеңейтүүдө

«Кыргыз почтасы» электрондук коммерция жана логистика багытында эл аралык кызматташууну кеңейтүүдө

Жанылыктар
2025-жылдын 28–31-июлунда «Кыргыз почтасы» ААКтын делегациясы Экономика жана коммерция министрлиги жана Бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Кытайдын Ханчжоу шаарына иш сапар менен барышты. Максат — электрондук коммерция жана логистика тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана кызматташууну чыңдоо. Иш сапардын жүрүшүндө делегация заманбап бажы жана бонддук кампалардын иши менен таанышып, товарларды кабыл алуу, сактоо, автоматташтырылган сорттоо жана жөнөтүүлөрдү санарип көзөмөлдөө процессин көрүштү. Ошондой эле e-commerce платформалары менен интеграциянын мисалдары сунушталды. Alibaba 1688 платформасынын өкүлдөрү менен жолугушууда B2B багытындагы кызматташтык жана «Кыргыз почтасынын» экспорттук-импорттук операциялардагы ролу талкууланды. Бул визит эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасында почта кызматтарын санариптик трансформациялоого чоң салым кошот.
Read More
«Манас» эл аралык аэропортунун базасында мультимодалдык логистикалык жана E-Commerce хабын түзүү боюнча биргелешкен долбоор демилгеленип жатат

«Манас» эл аралык аэропортунун базасында мультимодалдык логистикалык жана E-Commerce хабын түзүү боюнча биргелешкен долбоор демилгеленип жатат

Жанылыктар
«Кыргызстан аэропорттору» ААК, «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы биргеликте «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында мультимодалдык логистикалык жана E-Commerce хабын ишке киргизүү жана ыкчам башкаруу негизги максаты болгон Стратегиялдык кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Демилге өз ара сыйлоо, ишеним көрсөтүү жана тең укутуулуктун негизинде экономикалык, инвестициялык өз ара иш алып барууну өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө багытталган. Долбоордун алкагында биргелешкен өнөктөштүк түзүлөт жана хабдын оператору катары чыгат, анын инфраструктурасы ар кандай типтеги кампаларды, фулфилмент-зоналарын, бажы терминалдарын, логистикалык модулдарды, IT-чечимдерди жана санариптик сервистерди камтыйт. Ошондой эле, резиденттер жана өнөктөштөр үчүн аянтчалар каралат. «Кыргызстан аэропорттору» ААК жер тилкесин бөлүп берүүгө, инженердик туташтырууларды камсыз кылууга жана долбоордук документацияны алууга милдеттенет. «Кыргыз почтасы» ААК санарип интеграциялар менен программалык чечимдерди берип, өзүнүн…
Read More
Жаңыланган Кемин-1 почта бөлүмү кардарлар үчүн эшигин ачты

Жаңыланган Кемин-1 почта бөлүмү кардарлар үчүн эшигин ачты

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААК Кемин-1 почта бөлүмүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерин ийгиликтүү аяктады. Оңдоп-түзөө иштери Кемин районун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу жана райондун акими Кутпидин Шакировдун көмөгү менен жүргүзүлдү. Ал бөлүмдүн ачылыш аземине да катышты. Жаңыланган бөлүмдө кардарлар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттар түзүлгөн.Эми Кемин шаарынын жашоочулары жана меймандары почта жөнөтүүлөрдү ыңгайлуу шартта алып, жибере алышат.
Read More
ААК «Кыргыз почтасы» менен ТЕМУ стратегиялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты

ААК «Кыргыз почтасы» менен ТЕМУ стратегиялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААКтын борбордук кеңсесинде TEMU эл аралык электрондук соода платформасынын өкүлдөрү менен кызматтык жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы эки тараптуу кызматташууну талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү болду.Иш сапардын алкагында ТЕМУнун делегациясы Кыргыз почтасынын логистикалык инфраструктурасы жана логистикалык борбору менен таанышты. Конокторго эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жеткирүү тармагындагы заманбап технологиялар көрсөтүлдү.Жолугушууга компаниянын вице-президенти Чен Цзякун жана TEMUнун аймактык директору Ян Фан катышты. «Кыргыз почтасынын» атынан сүйлөшүүлөрдү компаниянын негизги өкүлдөрү менен бирге башкы директор Марат Черикчиев алып барды.Тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн багыттарын, анын ичинде трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү, биргелешкен логистикалык демилгелерди, ошондой эле Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө кардарлар үчүн жаңы кызматтарды киргизүүнү талкуулашты.TEMU менен биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу буйрутмаларды жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартат, логистикалык процесстерди оптималдаштырат жана дүйнөлүк онлайн рынокто товарларга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.Дүйнөлүк электрондук коммерциянын…
Read More