«Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборуна жасалган визит

«Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборуна жасалган визит

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Д.Ж. Амангелдиев өлкөнүн почта-логистика тармагын модернизациялоо жана санариптештирүү иштеринин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборуна барды. Визитке Санариптик өнүктүрүү министри А.М. Жамангулов, Бажы кызматынын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү катышты. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору М. Черикчиев конокторго автоматташтырылган сорттоо линиясы, постаматтар, Face ID биометрикалык тутуму жана электрондук коммерция үчүн маалыматтык система менен онлайн логистиканы көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Бул борбор Электрондук коммерциянын Бирдиктүү борбору болуп саналат. Ал товар жеткирүүнүн бардык этаптарын ачык жүргүзүүнү, жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууну жана санарип кызматтарды кеңейтүүнү камсыздайт. «Кыргыз почтасы» ААК логистикалык инфраструктураны жаңылоону жана санариптештирүүнү улантат.
Read More
ААК «Кыргыз почтасы» Америка Кошмо Штаттарында өзүнүн расмий өкүлчүлүгүн ачты

ААК «Кыргыз почтасы» Америка Кошмо Штаттарында өзүнүн расмий өкүлчүлүгүн ачты

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» Америка Кошмо Штаттарында өзүнүн расмий өкүлчүлүгүн ачты.ААК «Кыргыз почтасы» АКШнын (Чикаго, Делавэр, Нью-Йорк жана Лос-Анджелес) шаарларынан Бишкек шаарына жүктөрдү кабыл алуу жана жеткирүү кызматын баштады. Баасы — 1 килограмм үчүн 8 АКШ доллары. Ошондой эле Кыргыз Республикасынан АКШга жүктөр жеткирилет:Эгер жүктүн салмагы 80 кгдан ашса — 1 кг үчүн 12 доллар;Эгер жүктүн салмагы 80 кгдан аз болсо — 1 кг үчүн 13 доллар. Жүктөрдү өткөрүп берүү үчүн төмөнкү кампалардын бирине код K-348 көрсөтүлүп тапшыруу керек. Кампалардын даректери: 1. Кампа – DelawareFirst name: АтыLast name: ФамилиясыAddress line 1: 705 Carson DriveAddress line 2: K-348City: BearState: DelawareZip code: 19701Телефон: +1 (917) 605-7707 2. Кампа – New York (Brooklyn)First name: АтыLast name: ФамилиясыAddress line 1: 3047 Emmons AveAddress line 2: K-348City: BrooklynState: New YorkZip code: 11235Телефон: +1 (917) 605-7707 3. Кампа…
Read More
«Кыргыз почтасы» ААКнун Ак-Суу районунун Жергез айылындагы жаңы бөлүмүнүн ачылышы

«Кыргыз почтасы» ААКнун Ак-Суу районунун Жергез айылындагы жаңы бөлүмүнүн ачылышы

Жанылыктар
Бүгүн, «Кыргыз почтасы» ААКнун башкы директору Марат Черикчиев жана анын командасы Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ак-Суу районунун Жергез айылындагы жаңы почта бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышына катышышты. Ачылыш учурунда Марат Черикчиев почта тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жаңы бөлүмдү ишке киргизүүдөгү колдоосу үчүн Ысык-Көл облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Ак-Суу райондук администрациясына, Кыдыр Аке жана Хан-Теңири айыл өкмөттөрүнө, ошондой эле долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди. Ошол эле күнү Марат Черикчиев Хан-Теңири айылындагы жаңыланган почта бөлүмүнө да барып, жакында бүткөн капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. «Кыргыз почтасы» ААК өзүнүн инфратүзүмүн системалуу түрдө жаңылап, филиалдар түйүнүн кеңейтип, заманбап санариптик чечимдерди киргизүүдө. Максат — почта кызматтарын Кыргызстандын бардык жарандары үчүн — шаардан тартып эң алыскы айылдарга чейин жеткиликтүү, ыңгайлуу жана сапаттуу кылуу.
Read More
ОСАГО камсыздандыруусун эми Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн оңой эле жүргүзсөңүз болот!

ОСАГО камсыздандыруусун эми Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн оңой эле жүргүзсөңүз болот!

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААК автоунаа ээлери үчүн жаңы кызматтын башталганын кабарлайт: эми автограждандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин өлкө боюнча бардык почта бөлүмдөрүнөн тариздөөгө болот. 2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда ОСАГО полисисиз автоунаа айдаган жарандарга айып пул салынат. Убакытты текке кетирбеңиз — милдеттүү камсыздандырууну жакынкы почта бөлүмүнөн азыр эле жүргүзүңүз! ОСАГО деген эмне?Бул — жол кырсыгы болгон учурда башка адамдарга келтирилген зыянды жабуу үчүн автоунаа ээси тарабынан алынуучу милдеттүү камсыздандыруу. Эгерде сиз кырсыктын күнөөкөрү болуп калсаңыз, ОСАГО жабыр тарткан тараптын автоунаасына, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген чыгымды жабат. Эмне үчүн “Кыргыз почтасын” тандоо керек? Камсыздандырууну тез жана ыңгайлуу тариздөө Өлкө боюнча 800дөн ашуун бөлүмдөр бар Узун кезек жок Тажрыйбалуу адистер кеңеш берет Үйлөрдү камсыздандыруу (ОСЖ) жана кыймылсыз мүлк боюнча полистер дагы жеткиликтүү Мамлекеттик кепилдик жана ишеним «Кыргыз почтасы» ААК ар дайым заман…
Read More
Кыргыз Почтасы жаңы логистикалык борборун тааныштырып, электрондук сооданын өнүгүүсүн талкуулады

Кыргыз Почтасы жаңы логистикалык борборун тааныштырып, электрондук сооданын өнүгүүсүн талкуулады

Жанылыктар
2025-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында жайгашкан «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборунун базасында жумушчу жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз почтасынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, ошондой эле электрондук соода тармагында иш алып барган 35тен ашуун логистикалык жана транспорттук компаниялардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги максаты — логистикалык борбордун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, электрондук соода жана логистикалык инфраструктуранын негизги багыттарын талкуулоо болду. Катышуучулар логистикалык процесстерди консолидациялоо, айрыкча трансчек аралык соодада бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана операторлорду бирдиктүү жайга көчүрүү маселелерин карашты. Кыргыз Почтасынын Кытай, АКШ жана Германиядагы кампа инфраструктурасын биргеликте пайдалануу сунушу да чоң кызыгуу жаратты. Жолугушууда жаңы автоматташтырылган сорттоо линиясы менен Face ID технологиясы — кардарларды тез жана коопсуз идентификациялоо чечими иш жүзүндө көрсөтүлдү. Иш-чара конструктивдүү жана жемиштүү өтүп, мындан аркы кызматташтык үчүн жол ачты.
Read More
DBillions каармандары эми почта маркасында!

DBillions каармандары эми почта маркасында!

Жанылыктар
Бүгүн «Кыргыз почтасы» ААК Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган жаңы почта маркасын мөөрлөө салтанаттуу аземин өткөрдү. Иш-чара DBillions студиясынын чыгармачылык аянтчасында өтүп, майрамдык маанай тартууланды. Маркада миллиондогон балдардын сүйүктүү каармандары — Чача, Чики, Бум-Бум жана Ляля чагылдырылган. Алар кубанычтын, чыгармачылыктын жана билим берүү контентинин символуна айланышкан. Музыка жана оюн аркылуу бул каармандар балдарга дүйнөнү кызыгуу менен таанууга жардам берип келишет. Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү — эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар боюнча республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүнүн катышуусу болду. Алар бул өзгөчө марканын чыгарылышына күбө болуп гана тим болбостон, DBillions тарабынан белектерге да ээ болушту. Бул алар үчүн күтүлбөгөн жана кубанычтуу белек болду. Бул марка — жөн гана почта белгиси эмес. Ал балдарга болгон сүйүү, кам көрүү жана өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү эскерткен маанилүү социалдык билдирүү. «Кыргыз почтасы» ААК бул марка балдарга көңүл буруунун символу болуп,…
Read More
Бишкек шаарында алгачкы жолу Кыргызстандын маркетплейстеринин форуму болуп өттү

Бишкек шаарында алгачкы жолу Кыргызстандын маркетплейстеринин форуму болуп өттү

Жанылыктар
Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарында Кыргызстандын маркетплейстеринин биринчи Форуму болуп өттү. Бул иш-чара «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан Кыргыз Республикасынын Чек ара электрондук соода жана логистика ассоциациясы менен биргеликте, Министрлер Кабинети карамагындагы Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын колдоосу менен уюштурулду. Форум өлкөдө электрондук сооданы, логистиканы жана санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган маанилүү аянтчага айланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, логистикалык компаниялардын, банк секторунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун негизги максаты – Кыргызстанда заманбап электрондук соода экосистемасын түзүүгө, улуттук маркетплейстерди жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кыргыз товарлары менен кызматтарын ички жана эл аралык рынокторго чыгарууну колдоо болду. Бул форум санариптик экономикада кызматташтыкты чыңдоодо жана кыргыз продукциясын илгерилетүүдө маанилүү кадам болду. «Кыргыз почтасы» ААК өлкөдө заманбап логистика менен электрондук сооданын өнүгүшүнө салым кошууну улантат.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК эпистолярдык жанрдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктады

«Кыргыз почтасы» ААК эпистолярдык жанрдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Жанылыктар
Бүгүн “Мен — океанмын. Адамдар мен жөнүндө кандайча жана эмне үчүн кам көрүшү керек?” темасындагы эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул сынак Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан уюштурулган. Сынакка өлкө боюнча 10 миңден ашуун бала катышып, ар бир эмгек өзгөчө болгондуктан, калыстар тобу үчүн жеңүүчүлөрдү тандоо оңой болгон жок. Жеңүүчүлөр: 1-орун— Баханцев Вадим, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Буденовка айылы, 5-класс. Сыйлыгы: ноутбук жана диплом. 2-орун— Таштанбеков Нурислам, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ынтымак айылы, 4-класс. Сыйлыгы: мобилдик телефон жана диплом. 3-орун— Кубанова Уулай, Жалал-Абад облусу, Аксый району, Тегене айылы, 6-класс. Сыйлыгы: мобилдик телефон жана диплом. Ал эми мыкты сүрөттөрү үчүн Canon фотоаппараты менен төмөндөгүлөр сыйланышты: Майрамбекова Анипа, Талас шаары, 9-класс Мирланова Раяна, Нарын облусу,…
Read More
Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Жанылыктар
Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларынын арасында эпистолярдык жанр боюнча эл аралык сынактын райондук этабын өткөрдү.Бүгүн Аламүдүн районунда «Өзүңдү океан деп элестет, эмне үчүн жана кантип сага кам көрүшү керек экенин түшүндүрүп кат жаз» деген темада сынактын жыйынтыгы чыкты.Сынакка Аламудун районундагы 15 мектептин окуучулары активдуу катышты.Натыйжада: 1-орун - 1 катышуучу 2-орун - 2 катышуучу 3-орун - 2 катышуучуАларга акчалай сыйлыктар жана «Кыргыз почтасы» ААКтын Аламүдүн райондук филиалынын Ардак грамоталары тапшырылды.Кошумча: 10 катышуучу акчалай сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болду Активдүү катышкандыгы үчүн 13 окуучу Ардак грамоталар менен сыйланыштыСыйлык тапшыруу аземи Аламүдүн райондук администрациясынын чоң залында өттү.
Read More
Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Жанылыктар
Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларынын арасында эпистолярдык жанр боюнча эл аралык сынактын райондук этабын өткөрдү. Бүгүн Аламүдүн районунда «Өзүңдү океан деп элестет, эмне үчүн жана кантип сага кам көрүшү керек экенин түшүндүрүп кат жаз» деген темада сынактын жыйынтыгы чыкты. Сынакка Аламудун районундагы 15 мектептин окуучулары активдуу катышты.Натыйжада: 1-орун - 1 катышуучу 2-орун - 2 катышуучу 3-орун - 2 катышуучу Аларга акчалай сыйлыктар жана «Кыргыз почтасы» ААКтын Аламүдүн райондук филиалынын Ардак грамоталары тапшырылды. Кошумча: 10 катышуучу акчалай сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болду Активдүү катышкандыгы үчүн 13 окуучу Ардак грамоталар менен сыйланышты Сыйлык тапшыруу аземи Аламүдүн райондук администрациясынын чоң залында өттү.
Read More