Чакан пакеттер
Өмнөкүлөр чакан пакеттерде жөнөтүлөт:
- кичинекей сынбас белек буюмдары.
- Чакан пакеттер ачык түрдө кабыл алынат, ар бир чакан пакет үчүн ФС – 23 бажы декларациясы өлкөлөрдүн тизмеси жана колдонмого ылайык келген нускалардын санына толтурулат.
Салмагы 2кг га чейин кабыл алынат.
Таңгактын өлчөмдөрү: рулондор үчүн узундуктун жана кош диаметринин суммасы 104 см ашпашы керек. Эң чоң өлчөмү 90 см, минималдуу өлчөмү 14х19 см, рулондор үчүн узундуктун жана кош диаметринин суммасы 17 см, эң чоң өлчөмү 10 см ашпашы керек.