Салам, достор!

Бүткүл дүйнөлүк Почта Союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК жана КР Билим берүү жана илим министрлиги 9-15 жашка чейинки мектеп окуучулары үчүн дил баян жазуу сынагын жарыялаган.

Бул жылдын темасы: “Өзүңүздү океан деп элестетиңиз” жана кантип адамдар океан жөнүндө кам көрүшү керектигин түшүндүргөн кат жазуу. Океандардын сулуулугун, аларга тийгизген коркунучтарды жана сактап калуу үчүн эмне кылуу керек экендигин баяндасаңыз болот.

Сынакка катышуу үчүн:

  • Кат 800 сөздөн ашпашы керек, чыгармачылыгыңызды көрсөтүп, сүрөт тартсаңыз да болот.
  • Катты даярдаган соң жашаган жердеги почта бөлүмүнө алып барып, атайын конвертке салыңыз.
  • Конверттин сыртына аты-жөнүңүздү, жашаган жериңизди, мектебиңизди жана байланыш телефонуңузду жазыңыз.

Сыйлыктар:

  • Райондук жана шаардык этаптарда 500 сомдон 2000 сомго чейин байге.
  • Республикалык деңгээлде эң мыкты дил баян жазган окуучулар ноутбук, планшет, телефон жана башка кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.

Чамдаңыздар! Убакыт аз калды. Сынакка катышуу үчүн 2025-жылдын 7-апрелине чейин каттарды кабыл алабыз! Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз ойуңузду билдирип, жеңишке жетиңиз!