ОАО «Кыргыз почтасы» кеңири тармакка ээ, жалпы республика боюнча 916 объектиси бар, анын ичинде 872 почта бөлүмү, алардын 70%ы айылдык жана кыйын жетүүчү алыстагы тоо аймактарында жайгашкан. ОАО «Кыргыз почтасы» борбордук аппаратка жана 4 филиалга ээ: ЦМПОЛ, Түштүк, Түндүк жана Чыгыш региондук департаменттери. Департаменттерге өлкөнүн түндүк, түштүк жана чыгыш аймактарында жайгашкан филиалдар жана почтамттар баш ийет.