Федеративдүү Республика Германияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарындагы “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык почта алмашуу ордунан Кыргызстандагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн белектерди жөнөткөн.
Бүгүнкү күндө бардык посылкалар “Кыргыз почтасы” ААКнын аркылуу ийгиликтүү Кыргызстанга жеткирилип, балдарга тапшырылды. Белектердин курамына китептер, өнүктүрүүчү оюндар, мектепке керектүү жабдыктар жана таттуулар кирген.
Бул белектердин жеткирилиши “Кыргыз почтасы” ААКнын эффективдүү ишин, эл аралык логистикадагы ишенимдүүлүгүн жана социалдык, кайрымдуулук мүнөздөгү жүктөрдү өз убагында жеткирүүдөгү мүмкүнчүлүгүн ачык көрсөттү.







