2024-жылдын 9-октябрында Novotel мейманканасында Кыргыз Республикасынын Почтасынын түзүлгөндүгүнүн 145 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Мүчөлөрү, өнөктөштөр жана почта кызматынын ардагерлери, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКнын өкүлдөрү баш болгон 200дөн ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө компания өзүнүн тарыхы, жетишкендиктери жана ийгиликтери менен тааныштырып, конокторго белектерди тартуулайт. Салтанат концерттик программа менен коштолот.

Тарых жана жетишкендиктер

Кыргызстандын почта кызматынын тарыхы Россия империясы жана СССР түзүлгөндөн башталат. Мындан 145 жыл мурун Пишпек шаарында биринчи почта бөлүмдөрү ачылып, ал алыскы райондор менен борбордук шаарлардын ортосундагы байланышты камсыз кылууда маанилүү роль ойногон.

1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын почта кызматы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 1993-жылы өлкө Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун толук кандуу мүчөсү болуп, эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк берген. 1994-жылы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик департаменти түзүлүп, бул өз алдынча почталык уюм болуу үчүн маанилүү кадам болгон.

Заманбап модернизация

2000-жылдардын башынан бери өлкөнүн почта кызматы олуттуу модернизациядан өттү, анын ичинде маалыматтык технологияларды киргизүү жана логистикалык оптималдаштыруу. 2013-жылы «Кыргыз почтасы» ЕврАзЭСтин почта биримдигинин курамына кирип, эл аралык почта алмашуу үчүн жаңы горизонтторду ачты.

COVID-19 пандемиясынын учурунда почта кызматкерлери өз милдеттерин аткарууну улантып, пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүүнү, ошондой эле гезит-журналдарга жазылууну камсыздап, почта кызматкерлеринин оор күндөрдө берилгендигин эске салды.

«Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому

2022-жылдан бери «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коом катары иштеп, өзүн толук камсыз кылып, социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө бул бир гана почта бөлүмдөрү эмес, экономикалык өсүшкө көмөктөшүүчү жана санариптик чакырыктарга ыңгайлашкан өнүккөн инфраструктура.

2023-жылы компания Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлүп, олуттуу ийгиликтерге жетишти. Чет элдик кампалардын жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда почта жөнөтүүлөрүн тездетүү үчүн “жашыл коридордун” ачылышы компаниянын динамикалуу өнүгүүсүнөн кабар берет.


«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев ишканада эмгектенип жаткан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, «Кыргыз почтасы» ишканасын ийгиликтүү жана талапка ээ кылган алардын эмгеги жана ак ниети экенин баса белгиледи.