2025-жылдын 9-октябрында, Дүйнөлүк почта күнүнө карата, “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы кеңсесинде салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарада “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директору Марат Черикчиев мекеменин ар кыл бөлүмдөрүндө эмгектенип, почта тармагына олуттуу салым кошуп келген кызматкерлерди Ардак грамоталар менен сыйлап, алардын үзүрлүү эмгеги жалпы тармактын өнүгүүсүндө маанилүү экенин белгиледи.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Марат Черикчиев “Кыргыз почтасынын” алдыдагы пландары, анын ичинде санариптештирүү, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана кардарлар жана почта кызматкерлери үчүн да шарттарды жакшыртуу боюнча демилгелер тууралуу айтып өттү.





