2025-жылдын 30-октябрында “Кыргыз почтасы” ААК Электрондук коммерция ассоциациясы жана Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган E-COMMERCE EXPO 2025 Борбор Азиялык форумуна катышты. Форум e-commerce, логистика жана санариптик экономика чөйрөлөрүндөгү тенденциялар менен чакырыктарды талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Форумдун алкагында компаниянын өкүлдөрү Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар менен биргелешкен долбоорлорду – чек аралар аралык жеткирүү, санарип кызматтар жана туруктуу логистика боюнча – талкуулашты. Ошондой эле маркетплейстер жана финтех-компаниялар менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Бул иш-чарага катышуу менен “Кыргыз почтасы” ААК өлкөнүн жана региондун санариптик өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга, заманбап почта-логистикалык чечимдерди өнүктүрүүгө жана электрондук соодадагы ишенимдүү өнөктөш болууга умтуларын дагы бир жолу тастыктады.