17-августта Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда “Кашкар Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкеси болуп өттү. Көргөзмөгө катышуу үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн жана аймактарынан келген 700 компания өз продукцияларын көрсөтө алышты. Анын арасында “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ да биринчи ирет көргөзмөгө катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө ар тармактуу жолугушуулар, негизги долбоорлорго кол коюу жана сооданы алдыга жылдыруу боюнча бир катар иш чаралар өткөрүлдү.

Xinjiang Martina International Logistics Co., Ltd. 20 жылга жакын убакыттан бери тышкы соода менен алектенет. Ал көптөгөн ата мекендик көргөзмөлөргө катышып, бул жолу ишкана Кашкардагы жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан төрт компаниянын ондогон продукциясын алып келди. Ишкана өткөн жылдагыга караганда көбүрөөк заказдарды жабуу максатында суусундуктарды, кургак жемиштерди, шоколаддарды жана башка азыктарды алып келген.

Кашкар Кытайдын пилоттук эркин соода аймактарынын бири. Бул жерде 2005-жылдан бери Кашкар жарманкеси өткөрүлүп келет. Ал эми орто кылымдарда Кашкар деген ат менен Жибек Жолунун дарбазасы, Азиянын бардык булуң-бурчунан келген соода кербендеринин жолукчу жери болгон. Эки миң жылдык тарыхы бар шаар азыркыга чейин континенттин бардык тарабындагы өндүрүүчүлөр менен соодагерлерди өзүнө тартып турат.