«Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия» 14-жарманкесине болгон иш сапарынын алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын жетекчиси Марат Черикчиев жана анын командасы «Кашкар» эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) «Кыргыз почтасы» ААКтын логистикалык кампасында болушту. Эске салсак, логистикалык кампа 2023-жылдын август айында China Post менен биргеликте “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында ачылган.

Кампага баруу ЭЭАнын алкагында уюштурулган логистикалык процесстерди текшерүүгө жана «Кыргыз почтасы» ААК менен Кытай почтасынын мындан аркы кызматташуусу, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жолдорун өнүктүрүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди. Бул кызматташтык экономикалык байланыштарды чыңдоого, чек ара соодасына, электрондук коммерцияга жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган.