“Кыргыз почтасы” ААК ишкананын мурдагы жетекчилери менен жолугушуу уюштуруп, анда учурдагы ишмердүүлүктүн негизги багыттары, жетишкендиктер жана келечектеги өнүгүү пландары тааныштырылды. Коноктор почта тармагындагы акыркы өзгөрүүлөр, модернизация процесси жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын кеңейиши менен таанышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тармакты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү болду. Мурдагы жетекчилердин кесиптик кеңештери жана тарыхый көз караштары Коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү ресурс катары белгиленди.

“Кыргыз почтасы” ААКнын жетекчилиги мекеменин калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мурдагы жетекчилерге ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар мурасты сактоого, институттук эс тутумду бекемдөөгө жана муундар ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.