Сынак Бүткүл дүйнөлүк почта союзу тарабынан демилгеленип, балдар жана өспүрүмдөр арасында сабаттуулукту, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Сынакка 9 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алышат. Каттар 2026-жылдын 10-апрелине чейин почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу “БДПСнын эл аралык сынагы” деген белгилөө менен заказдык кат катары кабыл алынат.

Сынак эки этапта өтөт — райондук/шаардык жана республикалык. Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт: республикалык деңгээлде ноутбук, планшет жана уюлдук телефон тапшырылат.

Биринчи орунду ээлеген катышуучунун иши Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык этабына жөнөтүлөт.