Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКда каржы секторун өнүктүрүү боюнча улук адис Эмико Тодароки жетектеген Дүйнөлүк банктын командасы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төлөм жана банк тутумдарын модернизациялоо долбоорунун ийгиликтүү аякташынын жыйынтыктары жана компаниянын финансылык кызматтарын кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.

«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана анын команда мүчөлөрү акционерлештирүүдөн кийинки жетишкендиктери менен бөлүшүп, почта жана каржы кызматтарын модернизациялоодогу ийгиликтерди баса белгилешти.

Кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн алыскы аймактарда мультимодалдык почта бөлүмдөрүн ачуу сыяктуу ийгиликтүү демилгелер талкууланды.

Өзгөчө көңүл экологиялык жактан туруктуу чечимдерге, анын ичинде электр унаалары жана электр заряддоо станциялары боюнча долбоорго бурулду.

Бул чаралар транспорттук логистиканы жакшыртууга жана эл аралык ESG (экологиялык, социалдык жана башкаруу) стандарттарына ылайык туруктуу өнүгүүнү колдоого багытталган.