2025-жылдын 28-февралында «Кыргыз почтасы» ААК менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы Соода өкүлчүлүгүнүн ортосунда почта жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы электрондук сооданы кеңейтүү максатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Меморандумга «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгызы Токтобеков кол коюшту.

Келишим почта жана логистикалык процесстерди оптималдаштыруу, тездетилген жеткирүү үчүн жаңы транспорттук каттамдарды жана почта түйүндөрүн өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди камтыйт.

Бул келишим Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланышты бекемдеп, эл аралык электрондук сооданын өнүгүшүнө салым кошот.

«Кыргыз почтасы» ААК заманбап санариптик жана логистикалык чечимдерди киргизүү аркылуу почта инфраструктурасын модернизациялоону улантат.