2024-жылдын 24-сентябрында «Кыргыз Почтасы» ААКсы жана «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКсы камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө маанилүү меморандумга кол коюшту. Кол коюу салтанаттуу кырдаалда өтүп, «Кыргыз Почтасы» ААКсынын башкы директору Марат Черикчиев жана «МКУ» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеген документке өз кол тамгаларын коюшту.

Мындан тышкары, Кыргызгосстрахтын кардарлары эмиөлкө боюнча Кыргыз Почтасынын каалаган филиалында камсыздандыруу полистерин (ОСАГО, ОСЖ) төлөй алышат, мунун өзү процессти бир кыйла жеңилдетип, жарандар үчүн камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн бир топ жеткиликтүү кылат.

Меморандум тажрыйба алмашууну, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүүнү кошкондо, ар кандай багыттардагы өнөктөштүктү карайт. Тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө жана жарандардын кеңири чөйрөсү үчүн камсыздандыруу продукттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга карата даяр экендиктерин да билгизишти.