“Кыргыз почтасы” ААК менен “Социалдык дүкөндөр Евразия Кей Джи” коомдук фонду социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана калктын социалдык жактан аяр катмарларын колдоого багытталган өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Тараптар почта, логистика жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле жарандардын жана региондордун кызыкчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну макулдашты.

Меморандумдун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын кызматкерлерине “Евразия” социалдык дүкөндөрүндө тейленүү мүмкүнчүлүгү каралып, бул биринчи керектелүүчү товарлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Тараптар документ узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктүн негизин түзүп, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталарын белгилешти.