Кара-Кыргыз автономдуу областынын 100 жылдыгына карата “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын ичинде акысыз почта таңгактарын жөнөтүү үчүн 500 сомдук 100 белек сертификаттарды белек катары таратты.

Ар бир сертификаттын ээси бардык салыктарды кошкондо 500 сомго чейинки суммадагы посылка жөнөтүүгө укуктуу. Сертификатты колдонууда «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан белгиленген эрежелерди жана шарттарды сактоо керек.