Ассоциацияга кирүү боюнча келишимге «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана ассоциациянын президенти Марсель Салахунов кол коюшту.
«Кыргыз почтасы» ААК катышуучу катары гана эмес Ассоциацияны түзүүнүн демилгечилеринин бири катары да – электрондук коммерциянын (анын ичинде чек ара) оюнчуларын бириктирүү жана Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу экосистеманы калыптандыруу максатында иш алып барган.
Биргелешкен иш өлкөнүн экспорттук-импорттук потенциалын өнүктүрүүгө, инновациялык логистикалык чечимдерди киргизүүгө, зарыл инфраструктураны түзүүгө жана кыргызстандык ишкерлердин эл аралык рынокко чыгуусун жөнөкөйлөтүүгө багытталат.
Бул Кыргызстандагы заманбап санариптик сооданы жакшыртууга карай маанилүү кадам.


