14-март күнү “Кыргыз почтасы” ААКтын борбордук аппаратынын жана өлкө боюнча почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер коомдук жайларды, парктарды жана айлана-чөйрөнү таштандыдан тазалап, бактарды сырдашты. Ошондой эле аймактарды көрктөндүрүү максатында жаңы көчөттөр жана гүлдөр отургузулду.

Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, шаарлар менен айылдарды көрктөндүрүүгө чоң салым кошот. “Кыргыз почтасы” ААК коомдук пайдалуу жана экологиялык демилгелерди ар дайым колдойт.

Өлкөбүздүн тазалыгына өз салымын кошкон бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!