“Кыргыз почтасы” ААКнун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын байланыш, маалыматтык технологиялар, өнөр жай жана башка ишмердик тармактарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган семинарга катышты.

Эки күндүк семинардын алкагында профсоюздук лидерлер жана активисттер «Кыргыз почтасы» ААКнун туунду компаниясынын «А» класстагы логистикалык борборуна жана Бишкек шаарынын № 5 мыкты почта байланыш бөлүмдөрүнүн бирине барышты.

Семинар кызматкерлерге кесиптик билимдерин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.