“Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесинин жүрүшүндө Ош шаарындагы “Кыргыз почтасы” ААКсынын базасында Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын “ЮГ” ММПО ачуу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду. Бул келишим Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы каттамдарды тейлей турган, ошондой эле Кытай менен Европанын рынокторун бириктире турган логистикалык хабды түзүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максаты – почта жөнөтүүлөрүн, экспресс жүктөрдү жана трансчегаралык электрондук коммерцияга тиешелүү товарларды ташуу жана сорттоо эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Бул өз кезегинде чек ара соодасын, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө салым кошушу керек.

Кол коюлган кызматташуу келишимине ылайык, тараптар чек ара соодасын өнүктүрүү үчүн Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда атайын логистикалык каттамдарды түзүү аркылуу кызматташууну тереңдетүүнү пландаштырууда. Логистикалык хаб эл аралык почта жана электрондук коммерция товарларын кайра иштетүү үчүн интеграцияланган платформаны камсыздайт, бул B2C логистикасы жана тышкы соода ишмердүүлүгү үчүн туруктуу негизди түзөт.