2024-жылдын 18-июлунда “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ почта ардагерлери менен жолугушту. Жолугушууда ишкана башчысы ардагерлерге кыргыз почтасынын ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери жана алдыга коюлган пландары менен бөлүштү.

Иш чарада ардагерлер да жетекчиликке өз пикирлерин билдиришип, кеңештери менен бөлүшүштү. Өз сөзүндө Марат Черикчиев алардын айткан кеңештерин кыргыз почтасынын ишмердүүлүгүндө колдоноорун баса белгилеп, аларга терең ыраазычылыгын билдирди.