“Кыргыз почтасы”ААКтын башкы директору Марат Черикчиев Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Швейцариянын Берн шаарында өтүп жаткан стратегиялык циклдин алкагында #UPUCCongress Дубайда өтө турган жыйынтыктоочу жыйынына катышууда.
Иш-чарага 100дөн ашуун өлкөдөн келген 1000ден ашуун делегат жеке жана алыстан катышууда.
Сессияда Дубайдагы Дүйнөлүк почталык стратегиянын долбоору, бизнес-план, ошондой эле ДПУнун Дубайдагы Конгрессинин кароосуна коюла турган башка негизги маселелер жана сунуштар талкууланат.
Почта байланышын модернизациялоо, санариптештирүү, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана почта тармагын туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Марат Черикчиев Кыргыз Республикасынын эл аралык почта кызматташтыгын бекемдөө, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана почта тармагында инновациялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча демилгелери менен тааныштырат.
«Кыргыз почтасы» ААКнын бул сессияга катышуусу Кыргызстандын дүйнөлүк почта тармагынын келечегин калыптандыруудагы активдүү ролун жана почта жана логистикалык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн алдыңкы технологияларды интеграциялоого умтулуусун тастыктайт.


