Кытайга болгон расмий иш сапарынын алкагында «Кыргыз почтасы» ААКтын башкы директору Марат Черикчиев өзүнүн командасы жана Өзбекстан менен Түркмөнстандын почта тармагындагы кесиптештери менен бирге Синьцзян пилоттук эркин соода аймагындагы Кашкар райондук көргөзмө-соода борборуна барды.
Иш сапардын алкагында Борбордук Азиянын почта тармагынын өкүлдөрү Кытай рыногунда ата мекендик продукциялар коюлган Кыргыз Республикасынын эки павильону менен таанышты. «Кыргыз почтасы» ААК бул павильондун логистикалык оператору болуп, жүктөрдү эффективдүү ташууну жана жеткирүүнү камсыз кылат.
Эске сала кетсек, бул павильондор 2023-жылдын август айында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Кашкарга болгон иш сапарынын алкагында ачылган. Бул иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода алакаларын кеңейтүү, ошондой эле Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттери менен кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү окуя болду.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын почта кызматтарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда Борбордук Азиядан Кытайга товарларды экспорттоо боюнча биргелешкен долбоорлор, ошондой эле логистиканы өнүктүрүү жана соода мамилелерин өнүктүрүү перспективалары талкууланды.