“Кыргыз почтасы” ААКтын почта кызматтары, ички логистика жана сапатты көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Азема Асанбекова Сочи шаарында өткөн “Муундардын эс тутуму — биримдиктин кепилдиги” аттуу жаштардын эл аралык патриоттук форумуна катышты.

Форум диалог жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташууну бекемдөөгө маанилүү аянтча болду.

“Кыргыз почтасы” ААК ар дайым өз кызматкерлерин жана жаш адистерин колдоп, тажрыйба алмашууга, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана коомдук иштерге активдүү катышуусуна шарт түзүп келет.