Нарын облусунда “Эки өлкө-эки парк” демилгесинин алкагында төрт заводдун курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Тактап айтканда, “Нарын-Шумкар” унаа куроочу завод, “Нарын чырак” светодиоддук лампа чыгаруучу завод, “Нарынкагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу завод, айыл чарба дрондорун чыгаруучу “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы курулат.
“Кыргыз почтасы” ААК бул долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири. Анткени логистика жагын колго алып, даяр продукцияны Европанын, Борбордук жана Түштүк Азиянын өлкөлөрүнө жеткирип берүү милдетин аткарат. Бул экспорт жана экономикалык кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду түзөт. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев жана анын жалпы командасы ушул иштерди бүгүнкү этапка алып келүү үчүн бир жарым жылдан бери интенсивдүү иш алып барууда.
Белгилей кетсек капсулалардын салынышы Нарын облусунда жумушчу орундарды түзүүгө жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүүгө багытталган ири долбоордун башталышы болуп саналат. Заводдор курулуп бүтсө 1000ден 3000ге чейин жумушчу орундары түзүлүп, бул өз кезегинде жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берет.