Европа жана КМШ аймагындагы почта лидерлеринин «Жаңы горизонттор: электрондук коммерцияны өнүктүрүү, инновациялар жана жеткирүү чынжырларын өркүндөтүү аркылуу келечектеги мыктылыкка жетүү» форумунун алкагында, «Кыргыз почтасы» ААК менен Тажикстандын Мамлекеттик унитардык ишканасы «Почтаи Точик» кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту.
Бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, электрондук кызматтарды өнүктүрүүгө жана логистикалык чечимдерди өркүндөтүүгө багытталган.
Биргелешкен аракеттер заманбап, ыңгайлуу жана ишенимдүү почта кызматтарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Меморандумга Тажикстандын «Почтаи Точик» МУИнин башкы директору Мирзозода Сайдали Саид жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Назгүл Акунова кол коюшту.
«Кыргыз почтасы» ААК эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү улантып, инновацияларды киргизүүгө жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга умтулат.



