Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, “Кыргыз почтасы” ААК менен “Россия почтасы” кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Тиешелүү документке «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана «Россия почтасынын» башкы директору Михаил Волков кол коюшту.

Кызматташтык эки өлкө ортосундагы почта жана курьердик кызматтарды өнүктүрүүгө, жөнөтүүлөрдү жеткирүүнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле Европа менен Азияны байланыштырган транзиттик логистикалык коридорду түзүүгө багытталган.

Макулдашуу электрондук сооданын багытында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, посылкаларды жеткирүүнүн көлөмүн жана акча которууларды көбөйтүүнү, ошондой эле ишкерлер жана эл аралык маркетплейстер үчүн биргелешкен санариптик чечимдерди киргизүүнү камтыйт.

«Биз чек аралык почта агымдарын өнүктүрүүгө, жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга жана ишкерлерди колдоого багытталган узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты калыптандыруудабыз», — деп белгиледи «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев.