Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк почта союзунун Конгрессинин алкагында “Кыргыз почтасы“ ААК менен Монголиянын улуттук почта оператору — Mongol Post ортосунда расмий жолугушуу өттү.
Жолугушууда тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүү, анын Борбор Азия жана Европадагы тенденциялары, ошондой эле почта кызматташтыгынын мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алмашышты. Логистикалык маршруттарды жакшыртуу жана чек ара аралык жеткирүү кызматтарын өркүндөтүү маселелери да талкууланды.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, электрондук соода тездик менен өнүгүп жаткан шартта почта логистикасынын келечеги боюнча тажрыйба алмашууга негиз түзүлдү.
