«Кыргыз почтасы» ААК жана ЮНИСЕФ 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында дилбаян жазуу сынагын жарыялайт. Катышуучулар “Баланын укуктары күнүмдүк жашоодо” деген темада дилбаян жазып, аны почта аркылуу жөнөтүүсү керек.

Бул сынак Кыргыз Республикасы Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулганына 30 жылдыгына жана «Кыргыз почтасы» ААКнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган.

Дилбаянда балдар өз укуктары жана бул укуктар аларга күнүмдүк жашоодо кандай жардам берери жөнүндө жазышы керек. Ошондой эле келечектеги кыялдары жана пландары менен бөлүшүп, дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз укуктарын кантип пайдалана алаары жөнүндө ой жүргүртүүсү мене бөлүшсө болот.

Сынактын катышуучуларынын дилбаяндары жакынкы почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу атайын маркаларды жана конверттерди колдонуу менен акысыз жөнөтө алышат. Анткени бекер жөнөтүү үчүн атайын почта маркалары чыгарылган.

Эсселер 2024-жылдын 22-октябрына чейин 720001 Бишкек шаары, Чүй пр., 227 «Кыргыз почтасы» ААК дареги боюнча кабыл алынат. Конвертте катышуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, жашаган дареги жана катышуучунун же ата-энесинин уюлдук телефонунун номери болушу керек.

Дилбаяндар кыргыз, орус тилдеринде жазылса болот. Каттын формасында үч негизги талаптарды сактоо керек:
а) каттын сол тарабынын өйдө жагында жазган күндүн датасын көрсөтүү;
б) саламдашуу (киришүү бөлүгү) жана негизги текст.
в) корутунду бөлүгү (резюмесин жазуу) жана колу.

Дилбаяндар төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:
1)Каттын түзүмүн сактоо;
2)Берилген темага жооп берүүсү;
3)Чыгармачылык менен мамиле кылуу;
4)Сүрөттөрдү кошсо болот;
5)Дилбаяндагы сөздөрдүн саны 800 сөздөн ашпоосу керек.
Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүлөрүнө ноутбук, планшет, телефон жана башка кызыктыруучу сыйлыктар каралган.
Кеңири маалымат алуу үчүн 0705065106 байланыш телефонуна кайрылсаныздар болот.