Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электромобилдерди расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара экологиялык таза транспортту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында уюштурулду.
Аземге “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директорунун орун басары Дениз Сулайманов катышты.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу ишке ашырылып, мамлекеттик сектордо «жашыл» мобилдүүлүк принциптерин киргизүүгө багытталган.
Долбоордун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКтын автопаркын жаңылоо, ошондой эле электромобилдер үчүн заряддоо станциясын орнотуу каралууда. “Кыргыз почтасы” ААК экологиялык таза транспортту колдонууга акырындап өтүп, “жашыл” мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана почта логистикасы тармагында туруктуу, заманбап чечимдерди киргизүүгө багытталган демилгелерди колдойт.






