Дубай шаарында өтүп жаткан 2025-жылдагы Дүйнөлүк почта союзунун Конгрессинин алкагында “Кыргыз почтасы” ААК жана “Vietnam Post” ортосунда жолугушуу өттү.

Жолугушууда электрондук коммерция, чек ара аралык соода жана улуттук маркетплейстердин өнүгүүсү боюнча маселелер каралды. Тараптар биргелешкен жумушчу топ түзүү, расмий сунуштарды даярдоо жана “Vietnam Post” делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча макулдашышты.

Бул демилгелер эки өлкөнүн почта кызматтарынын өз ара аракетин бекемдеп, керектөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.