2024-жылдын 18-июлунда Кытайдын Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясынын кызматкерлери “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ менен жолугушту. Жолугушууда Кытайдын ири логистикалык компанияларынын бири болгон Cainiao кыргыз почтасына кызматташууну сунуштады.

Иш чаранын жүрүшүндө эки тарап бири-биринин ишмердүүлүктөрү туурасындагы маалыматтар менен видео роликтерди көрсөтүү аркылуу бөлүшүштү. “Кыргыз почтасы “ ААКнун башкы директору Марат Черикчиев кызматташуу туурасындагы сунушка Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясы туурасында кененирээк иликтеп, ага ылайык жообун күз айларында айтаары белгилүү болду.

Белгилей кетсек Cainiao Smart Logistics Network Limited курьердик кызматтарды күнү-түнү аткарууга адистешкен логистикалык ири компания. Мындан тышкары кампа роботторун жана пилотсуз жеткирүү транспорт каражаттарын иштеп чыгат.