Социалдык тармактарда “Кыргыз почтасы” жоголгон жөнөтмөлөрдү сатып жатканы тууралуу жалган маалымат тарап жатат.

Биз расмий түрдө билдиребиз: “Кыргыз почтасы” ААК жана анын баардык филиалдары мындай операцияларга катышпайт.

Абайлаңыздар! Шектүү шилтемелерди басып же белгисиз эсептерге акча каражат жөнөтпөңүздөр.

Ишенимдүү маалымат булактарына гана ишениңиздер.

Суроолор болсо, “Кыргыз почтасы” ААКтын расмий кызматтарына кайрылсаңыздар болот.