Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынан келген инвестор Ву Хунвэй, “Кыргыз почтасы” ААК жана “Мамлекеттик бажы инфратүзүмү” ААКнын ортосунда агро-логистикалык долбоорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишкананы түзүү боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын эки облусунда эл аралык логистикалык объекттердин курулушу каралууда: Ош облусунун Ынтымак айылында айыл чарба продукциясын кабыл алуу, кайра иштетүү жана сактоо үчүн кампалар, ошондой эле Чүй облусунда соода-логистикалык борбор жана терминал курулат.

Бул долбоор айыл чарба логистикасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган.