«Кыргыз почтасы» ААК Кемин-1 почта бөлүмүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерин ийгиликтүү аяктады.
Оңдоп-түзөө иштери Кемин районун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу жана райондун акими Кутпидин Шакировдун көмөгү менен жүргүзүлдү. Ал бөлүмдүн ачылыш аземине да катышты.
Жаңыланган бөлүмдө кардарлар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттар түзүлгөн.
Эми Кемин шаарынын жашоочулары жана меймандары почта жөнөтүүлөрдү ыңгайлуу шартта алып, жибере алышат.





