Кыргыз Республикасынын делегациясы ZTO Cloud Warehouse Science and Technology Co., Ltd. (ZTO CWST) компаниясынын чакыруусу менен Кытай Эл Республикасына иш сапар менен барып, акылдуу логистика жана чек ара аралык электрондук соода тармагында тажрыйба алмашты.

Сапар “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында бонддук зона түзүү боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик бажы инфраструктурасы ААК, “Кыргызстан аэропорттору” ААК жана “Кыргыз почтасы” ААКнын ортосундагы биргелешкен долбоорлордун алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар логистика, почта-экспресс кызматтары жана инновациялык технологияларды киргизүү боюнча кызматташтык багыттарын талкуулашты. Кытай тарап Кыргызстанга техникалык команда жөнөтүп, биргелешкен логистикалык объекттер боюнча долбоордук сунуштарды иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.